2023-11-21 10:59:52 127

"Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы" аталышындагы үч айлыктын алкагында, Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата ОшМУнун медицина факультетинин деканы м.и.д., профессор И.Т.Ыдырысовдун демилгеси менен студенттер тарабынан иш-чара өткөрүлдү жана медицина факультетинин китепканачылары тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармалар жыйнагынан китеп көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чарада Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, ыр- бийлер менен коштолду. Аталган иш чарага ОшМУнун медицина факультетинин деканы И.Т.Ыдырысов,мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору М.С.Шарипова, ФАКТ кафедрасынын башчысы З.Ж. Каразакова жана медицина факультетинин профессор-окутуучулук курамы катышышты. Иш-чараны уюштурган ФАКТ кафедрасынын доценти Чотикеева Канышай, Тургунбаева Сеил, Койчуманова Гулжан, Давлатова Сара, китепканачылар Ойчуева Жанара,Боронбаева Жамила, Алымбаева Салтанат Женалиева Гульниса эжекелерге жана активдүү катышкан медицина факультетинин студенттерине ыраазычылык билдиребиз.