“СПИД кылым коркунучу”.

2023-12-01 10:48:14 43

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИД ооруусуна каршы күрөшүү күнүнө карата “СПИД кылым коркунучу” деген аталыштагы иш чаралар медицина факультетинин жаштар кеңеши тарабынан шаарыбыздагы №3 М.В.Ломоносов, №26 Т.Сатылганов жана №50 П.Ж.Нышанов атындагы орто мектептерде уюштурулду. Иш чаранын алкагында студенттер өлкөбүздө ден-соолук, биримдик, туруктуулук, сүйүү, ишеним орун алса биз СПИДди жеңе алабыз деген ураан менен чыгып бүгүнкү күндөгү эң коркунучтуу жана өтө тездик менен жайылып бара жаткан XXI кылымдын чумасы СПИД дарты, ВИЧ инфекциясы тууралуу жана коркунучтуу илдеттин алдын алуу, ооруунун жугуу жана сактануу жолдору, сергек жашоо мүнөзү боюнча атайын маалыматтар берүү менен презентациялар көрсөтүлүп, докладдар окулуп, окуучулар менен суроо-жооптор уюштурулду. Иш-чараны уюштурууда акктивдүүлун көрсөткөн төмөнкү студенттерибизге Жураева Севара, Нышанбаева Нураида, Сейтекова Айсель, Кеңешова Зарина, Омурзаков Бахрамбек, Джалил уулу Алинур, Мирбабаев Аллахбердиге ыраазычылык билдиребиз.