Спартакиада-2023.

2023-12-26 04:56:40 46

ОшМУнун факультеттер, колледждер, лицей жана гимназиялар аралык профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер арасында өткөрүүлүчү XXXI спартакиадага медицина факультетинин жамааты да активдүү катышты. Спартакиаданын жыйынтыгында: спорттун футбол түрү боюнча 40 жаштан жогорку агайлар 3-орун, "Мыкты коргоочу"- Бурканов Акылбек Эркинович, спорттун баскетбол түрү боюнча 40 жашка чейинки эжекелер 3- орун, "Мыкты коргоочу" Турсунали кызы Клара, спорттун волейбол түрү боюнча 40 жаштан жогорку агайлар 3-орун, "Мыкты либеро" Тажибаев Максат Каримович, стол тенниси 40 жашка чейинки агайлар 3-орунКурманбек уулу Өмүрбек, Эрмаматов Мирлан, шахмат эжекелер 3-орун Садырова Мухабат Махмудовна, Абдимажит кызы Акбермет байгелүү орундарга жетишишти. Жалпы командалык эсеп менен 5-орунга ээ болдук. Сыйлык ээлерин куттуктайбыз. Спартакиаданын жүрүшүндө активдүү катышкан кесиптештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз.