ОмМУ менен ОшМУнун сүйлөшүүлөрү

2024-01-18 05:48:07 39

ОшМУнун медицина факультетинин "Дарылоо иши" адистигинин студенттери академиялык мобилдүүлүк боюнча Ом мамлекеттик медициналык университетине окууга бир семестрге барүүсү жөнүндө сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бул сүйлөшүүгө ОШМУнун эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Абдувалиев А.О. медицина факультетинин деканы,декандын эл аралык байланыштар боюнча орун басары жана окуу методикалык кеңешинин төрайымы катышты . Омск мамлекеттик медициналык университетинин окуу иштери боюнча проректору Богданова Э.Б. жана окуу бөлүмүнүн өкүлдөрү ошондой эле эл аралык мамилелер департаментинин директору Писклакова С.А. катышты. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында он тогуз орун берилип дарылоо ишинин 2-5 курстарынын студенттери жазгы семестрде ОмМУга барып окуп келетурган болушту.