Общественное здравоохранение

2024-02-05 05:31:07 51

"Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду @undpkg менен биргеликте STEM 4 ALL x Mentoring Her долбооруна 320 шакирт жана 251 устат даярдашты. Долбоор STEM (илим, технология, инженерия жана математика) тармактарында окуган жана эмгектенген кыздардын жана аялдардын катышуусун өнүктүрүүгө багытталган. Катышуучулар кесиптик максаттарга жетүүнүн негизги кадамдарын аныктап, өнүгүү жол карталарын иштеп чыгышты. Иш-чаранын жыйынтыгында 2024-жылдын 27-январында мыктыларды сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чара "STEM 4 ALL x Mentoring Her" долбоорунун аякташына арналып, анда программанын алкагында мыкты натыйжа көрсөткөн катышуучулар белгиленди. #STEM 4 ALL x Mentoring Her долбоорунун алкагындагы ОшМУнун медицина факультетинин "медико-профилактикалык иши" адистигинин МПД-1-23 тайпасынын студенти Анарбаева Кызжибек "Мыкты аймактык ментор" номинациясында мыкты деп табылды. Студентибиздин бул жетишкендигин куттуктап, мындан аркы окууларында жана иштеринде ийгиликтерди каалайбыз!