Медицина факультетинин 85 жылдыгына карата ОПК арасында спортакиада болуп өттү.

2024-02-26 04:48:28 31

24.02.2024. Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык маарекесине карата медицина факультетинин кафедралар аралык профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер ортосунда спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин максаты медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамдын ден соолугун чындоого, спортту даңазалоого үндөө; профессордук-окутуучулук курамдын ортосундагы достук мамилелерди жана ынтымакты бекемдөө. Мелдештин жыйынтыгында спорттун кичи футбол түрү боюнча агайлар арасында фармация командасы, волейбол боюнча эжекелер арасында деканат командасы жеңишке жетишишти. Калыстык кылган №2 факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын башчысы Б.М.Кулуевге жана аталган кафедранын окутуучуларына, демөөрчүлүк кылган профсоюз комитетине терең ыраазычылык билдиребиз.