Кыз-жигит Сармердени-2024.

2024-03-21 16:37:28 26

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата, медицина факультетинде марттын жыйырмасында Нооруз майрамы өзгөчө форматта болуп отту. Кафедралар арасында Кыз жигиттин Сармерден оюну уюштурулуп, элге майрамдык маанай тартууланды. Сармердендин башында алас айтылып кыргыз күүлөрү үзүлбөй угулуп турду. Мукамдуу ырлар, терең маанилүү макал- лакаптар, жаңылмачтар менен коштолду. Майрамдык жакшы маанай, көтөрүңкү көңүл менен көрүүчүлөр, ырахаттанып эс алып отурушту.Кыз жигиттердин куч сынашуусунда, кызыктуу айтыштар, өто тамашалуу акыялар дагы болду.Дарыгерлердин талантын баалаган, калыстыгы как жарган калыстар тобу кыздарга жеңишти ыйгарышты! Салттуу Сармердендин кезеги эл аралык Медицина факультетине берилди. Медицина факультетинин жамаатына, факультеттин деканы Исматилла Токтосуновичтин иштерине чыгармачылык ийгиликтерди, ынтымак, ырыскы жана биримдик каалайбыз!