MORPH NEWS: 16.04.2024.

2024-04-18 09:18:55 34

Медицина факультетинин гистология жана патанатомия кафедрасынын жамааты 2024-жылдын 16-апрелинде “Морфология-основа нормы и потологии” аталышындагы ОшМУнун 85 жылдык маарекесинин алкагында эл аралык студенттик конференция өткөрүштү. Конференцияга Андижан мамлекеттик медициналык институту, Фергана коомдук саламаттыкты сактоо университети жана Борбордук Азия эл аралык медицина университеттеринин окутуучулары жана студенттери келип катышышты. Ошондой эле ректораттын өкүлү, ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, б. и. к., доцент Саттаров А. Э., медицина факультетинин деканы м.и.д., профессор Ыдырысов И.Т., декандын илимий иштери боюнча орун басары м.и.к., доцент Мамашев Н.М., акушерство жана гинекология кафедрасынын башчысы м.и.к., доцент Исраилова З. А. келип катышышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы б.и.к., доцент Саттаров А. Э. конокторго университеттин жетекчилигинин атынан белектер, кафедранын жамаатын ыраазычылык кат менен сыйлады. Келген конокторго да сөз берилип, алар өздөрүнүн каалоо тилектерин айтуу менен, ыраазычылыгын билдиришти. Жалпы 17 доклад окулуп, баарына сертификат ыйгарылды, ал эми модераторлор тарабынан “эң жакшы” деп табылган доклад ээлери I,II,III даражадагы диплом менен сыйланышты.