2025-09-23 04:35:38 48
2025-жылдын 25–29-августунда Ысык-Көл облусунунда болуп өткөн «Саламаттык — адамдык потенциалдын негизи: тобокелчиликтердин алдын алуу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин госпиталдык терапия кафедрасынын окутуучусу Абдраева Ф.А. катышты. Ал «Кыргыз Республикасындагы өспүрүмдөрдүн (15–17 жаш) социалдык маанилүү ооруларынын көрсөткүчтөрүн талдоо. Айзенко жана Менделеевич анкеталарынын жыйынтыктары» деген темада баяндама жасады. Конференцияга Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн докладчылары катышып, саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселелерди жана илимий жетишкендиктерди талкуулашты. Бул иш-чара тажрыйба алмашууга жана жаңы көз караштарды калыптандырууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.