• Новости
  • Пропедевтика внутренних болезней и факультетская терапия.

“Замандын лектору – 2025” аттуу конкурс жана “Алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу” боюнча семинар болуп өттү

2025-11-04 08:23:04 14

ОшМУда “Замандын лектору – 2025” аттуу конкурс жана “Алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу” боюнча семинар болуп өттү Ички оорулардын пропедевтика жана факультеттик терапия кафедрасынын окутуучулары Кыргызбай кызы Жаркынай жана Аралова Ж. Ош мамлекеттик университетинде өткөн алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу боюнча семинарга катышышты. Иш-чаранын алкагында окутуучулар педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүү, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу жана студенттердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашышты. Ошондой эле “ОшМУнун заманбап лектору – 2025” аттуу конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, төмөнкү окутуучулар жеңүүчү деп табылды: • Койлубаева Бурулча Кожоновна – филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунун доценти; • Саид Али Аббас Рахат – эл аралык медицина факультетинин улук окутуучусу. Бул иш-чаралардын негизги максаты — университеттин окутуучуларынын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана заманбап билим берүү технологияларын жайылтуу болуп саналат