2025-11-07 06:14:04 53
Медицина факультетинин "Аскердик медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу" кафедрасында 29-октябр "Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү" күнүнө карата, педогогикалык багытта окуган студенттердин арасында САНИТАРДЫК БАРАКЧА конкурсу өткөрүлдү.Ал конкурска катышкан тайпалардын эмгегин баалоо үчүн калыс катары, медицина факультетинин декандын тарбиялык иштер боюнча орун басары, Эндеше уулу Эрлан жана "Неврология,медициналык калыбына келтирүү жана психикалык саламаттык" кафедрасынын ага окутуучусу Нурматов Ш.Ж., окутуучу Абдыкадыров А.Т. келип мыкты даярдалган санитардык баракчаны аныктап беришти. 1- орунга ВШМОП ВНО-2-25, 2-орунга ВНО-1-25,3- орун ПИКТ-1-25 жана ТДТАТ институтунун ТМ(б)-1-22р тайпалары орундарга ээ болушуп диплом менен сыйланышты, ар кайсы институттардан жалпысынан 14 тайпа катышышып факультеттин ардак грамоталары менен сыйланышты.Кафедра башчысы доцент Т.Орозматов жана кафедра завучу Перханова Ы.А. азырку учурдун орчундуу маселелери ушул ооруулар болуп жатканын баса белгилеп уюштуруучулар БЖД предметинин окутуучулары Төлөнбаева А.Ж. жана Эрмекбаев Н.Ж. терең ыраазычылыгын билдиришти.