2025-11-10 04:22:56 31
2025-жылдын 7-8-ноябрь күндөрү Аскердик-медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу кафедрасынын улук окутуучусу Ы.А.Перханова мобилдүүлүк программа алкагында Өзбек Республикасынын Фергана мамлекеттик техникалык университетинде өткөн илимий-практикалык конференцияга катышып келди. Бул илимий конференцияда замандын коопсуздук көйгөйлөрү, себептери жана аларды чечүү ыкмалары тууралуу кызыктуу макалалар таалкууланып, бул көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттер аралык илимпоздордун байланышын күчөтүү, илимий долбоорлор менен чогуу иштөө тууралуу ойлор айтылды. Андан сырткары Метерология жана стандартизация кафедрасында болуп “Биомедициналык системалар жана аспаптар” адистигинде окуган студенттер үчүн Япония, Германия өлкөлөрүнөн алынган приборлор жана “Жашоо коопсуздугу” окуу предметинин программалары менен таанышып кайтты.