Карыяларга камкордук

2025-12-17 03:40:22 15

Бүгүн Медицина факультетинин госпиталдык терапия кафедрасынын окутуучусу Айтиева Айниса Камаловна Дарылоо иши адистигинин 5-курсунун 14-тайпасынын студенттери менен биргеликте Ош шаарынын мэриясына караштуу *«Боорукердик»* социалдык мекемесине профилактикалык медициналык кароого барышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мекемеде жашаган карыялар комплекстүү медициналык кароодон өткөрүлүп, алардын ден соолугунун абалына баа берилди. Ошондой эле ар бир бейтапка жеке профилактикалык кеңештер берилип, жүргүзүлүп жаткан дарылоо схемалары зарылчылыкка жараша коррекцияланды.