2025-12-18 07:10:57 18
Кафедрада кезектеги ачык сабак өткөрүлдү. Бул жолу сабак ОшМУнун клиникасынын терапия бөлүмүндө өткөрүлдү. Госпиталдык терапия кафедрасынын окутуучусу, врач-эндокринолог Айтиева Айниса Камаловна “Кардиомиопатия” деген темада пр-11-21 тайпасы менен биргеликте ачык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө студенттер сабактын темасына дал келген бейтаптарды кароого түздөн-түз катышышты. Тактап айтканда, бейтап Каримбеков Ы., 1961-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, дилатациялык кардиомиопатия диагнозу менен дарыланууда. Бейтапты кароо учурунда студенттер өздөрүнүн практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүшүп, бейтаптын кыскача анамнезин топтошту. Ошондой эле лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын (ЭКГ, ЭхоКГ) өз алдынча талдап, болжолдуу диагноз коюшуп, дарылоо тактикасын негиздеп түшүндүрүштү. Сабактын соңунда кафедрада окутуучулар менен биргеликте кеңири талкуу жүргүзүлүп, студенттер теориялык билимдерин тереңдетип, көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алышты.