• Новости
  • Пропедевтика внутренних болезней и факультетская терапия.

«Мыкты педагогикалык дебют»

2026-03-18 04:57:11 11

Ош мамлекеттик университетинин Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулуп жаткан «Мыктылар – 2026» конкурсу уланууда. Учурда сынактын 2-этабы өтүп жатат. Аталган сынакка Ички оорулардын пропедевтикасы жана факультеттик терапия кафедрасынын окутуучусу Кыргызбай кызы Жаркынай «Педагогикалык дебют» номинациясы боюнча катышууда. Конкурстун талаптарына ылайык, Кыргызбай кызы Жаркынай медициналык факультеттин 4-курс студенттерине «Темир жетишсиздик анемиясы» темасында ачык сабак өткөрдү. Сабак заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу менен уюштурулуп, студенттердин теориялык билимдерин бекемдөөгө жана клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталды. Ачык сабакты баалоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына госпиталдык терапия кафедрасынын окутуучулары Садыкова А.А., Жообасарова Д.Ж. жана Айтиева А.К.жанан кафедра башчы Бекешова Э.Н. киришти. Жыйынтыгында Кыргызбай кызы Жаркынай конкурстун 2-этабынан ийгиликтүү өтүп, учурда сынактын 3-этабына даярдык көрүүдө.