2026-03-18 05:45:37 14
Ош мамлекеттик университетинин Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулуп жаткан «Мыктылар – 2026» конкурсу уланууда. Аталган сынакка Ички оорулардын пропедевтикасы жана факультеттик терапия кафедрасынын башчысы, м.и.к., доцент Э.Н. Бекешова «Мыкты лектор» номинациясы боюнча катышууда. Конкурстун талаптарына ылайык, Бекешова Элиза Насирдиновна медициналык факультеттин 4-курс студенттерине «Кант диабети» темасында ачык сабак өткөрдү. Сабак заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу менен уюштурулуп, студенттердин теориялык билимдерин бекемдөөгө жана клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталды. Ачык сабакты баалоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына госпиталдык терапия кафедрасынын окутуучулары Садыкова А.А., Жообасарова Д.Ж., Айтиева А.К., факультеттин УМС төрайымы А.Т. Турсунбаева жана декандын фармация адистиги боюнча эдвайзери Н.Э. Султанов киришти.