2026-03-19 08:39:40 3
Медицина факультетинде 5-март — Ак калпак күнүнө карата тарбиялык жана маданий иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — студент жаштарга улуттук баалуулуктарды даңазалоо, ата-бабадан калган мурастарды урматтоого үндөө жана мекенчилдик сезимин бекемдөө болду. Иш-чарага факультеттин окутуучулары, студенттери жана коноктор катышып, кыргыз элинин сыймыгы болгон ак калпактын тарыхы, мааниси жана орду тууралуу кеңири маалыматтар айтылды. Майрамдык программада куттуктоо сөзүн факультеттин деканы М.И.К., доцент Мамашарипов Кылычбек Мамадалиеваич сүйлөп куттуктады, студенттер тарабынан көркөм окуулар, ыр-бийлер жана улуттук баалуулуктарды чагылдырган чыгармалар тартууланды. Уюштуруучулар тарбия жана тил иштери боюнча декандын орун басарлары Эндеше уулу Эрлан жана Чотобаев Н.Ж., жана ошондой медицина факультетини аыйкатчы аппараты.