ИСТОРИЯ КАФЕДРЫ

Стоматология кафедрасынын тарыхы:

ОшМУнун медицина факультетинин стоматология кафедрасы 1999-жылы ачылган. Стоматология бөлүмүнө 1-сентябрда 24 студент кабыл алынган.

«Стоматология жана нормалдуу физиология» кафедрасы түзүлүп медицина илимдеринин кандидаты, доцент Арстанбеков М. кафедра башчысы болуп дайындалган.

2005-жылы 120 студент кабыл алынып, Стоматология кафедрасы эки кафедрага бөлүнгөн:

1. «Терапиялык жана ортопедиялык стоматологиясы ортодонтия курсунун негизинде» кафедрасына, кафедра башчысы болуп, медицина илимдеринин кандидаты, доцент М.А.Арстанбеков дайындалган.

2. «Хирургиялык стоматология жаш курактагы стоматология курсунун негизинде» кафедрасына, кафедра башчысы болуп, м.и.к. ага окутуучу Ешиев А.М. дайындалды.

2005-жылы ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен

(2005-ж. 24.06. №9 буйругу) жана ОшМУнун ректорунун 2005-жылдын

18-июнундагы №145 буйругу менен ОшМУнун стоматология факультети болуп түзүлгөн. Факультеттин деканы доцент Арстанбеков М.А. дайындалган. (Приказ №146, 18.07.2005 жыл ).

2006-жылы стоматология факультети жабылып, ОшМУнун медициналык инстититунун стоматологиялык кафедрасы болуп калтырылып, кафедра башчылыгына м.и.к., доцент Арстанбеков М.А. дайындалган.

2008 - жылы стоматология адистиги кайрадан ачылып, мурда башка ЖОЖдорго которулган студенттер ОшМУнун медицина факультетинин стоматология адистиги бөлүмүнүн 2-3-курстарына которулуп келишкен. Кафедра башчысы болуп доцент Арстанбеков М.А.дайындалган

2011 жылы 28-октябрда №574 буйрук менен стоматология кафедрасы экиге бөлүнгөн:

1.“Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология” кафедрасы, кафедра башчысы профессор Арстанбеков М.А.

2. “Хирургиялык жана курактык стоматология курсу” кафедрасы, кафедра башчысы доцент Мамажакып уулу Ж.

Кафедрада 1 “Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген врачы” 1 илимдин доктору 3 илимдин кандидаттары эмгектенген. Алар төмөндөгүлөр:

1. Арстанбеков М.А. “Кыргыз республикасына эмгек сиңирген врачы”, профессор.

2. Ешиев А.М.. Саламаттыкты сактоонун мыктысы, медицина илимдеринин доктору, доцент.

3. Мамажакып уулу Ж. медицина илимдеринин кандидаты, доцент.

4. Исмаилов А.А. медицина илимдеринин кандидаты, доцент.

5. Сыдыков А.М. медицина илимдеринин кандидаты, доцент.

2011- жылдын (№700 16.12.2011 ж буйрук) менен “Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология” кафедрасынын башчысы болуп м.и.к., Исмаилов А.А. дайындалган.

22.12.2016-жылдын №1336 буйруктун негизинде медицина илимдеринин кандидаты, доцент Исмаилов Алимбек Адылбекович конкурстук шайлоодогу жашыруун добуш берүүдө 121 добушка ээ болуп, Медицина факультетинин декандык кызмат ордуна шайланды. Кафедра башчы кызмат оордунан бошотулду (№1336 22,12,2016).

22.12.2016-жылдан баштап № 1338 буйругу менен конкурстук шайлоого чейин Арстанбеков Маматжан Арстанбекович “Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология” кафедра башчысы болуп дайындалган.

12.07.2022-жыл № 2788-ФЧД/22 буйругу менен м.и.к., доцент Арстанбеков Маматжан Арстанбекович “Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология” кафедра башчысы болуп дайындалган.

2023- жылы 8-июль №3102-ФХД/23 буйруктун негизинде 1.“Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология” жана “Хирургиялык жана курактык стоматология курсу” кафедралары үчкө бөлүндү

“Ортопедиялык стоматология, ортодонтия курсу менен” кафедрасы, кафедра башчысынын милдетин аткаруучу улук окутуучу Арстанбеков С.Р.

“Терапевтикалык стоматология, балдар терапевтикалык стоматология курсу менен” кафедрасы,кафедра башчысынын милдетин аткаруучудоцент м.и.к., Мырзашева Н.М.

“Хирургиялык стоматология, балдар хирургиялык стоматология курсу менен” кафедрасы, кафедра башчысынын милдетин аткаруучу улук окутуучу м.и.к., доцент Пакыров Ж.К.

ОшМУнун медицина факультетинин стоматология адистиги боюнча 1-курстан

5-курска чейин. Арабиядан, Пакистандан, Непалдан, Индиядан Россия, Украина, Белоруссия, жана башка жакынкы Казахстан, Өзбекстан, Таджикстандан келген студенттер билим алышат.

Бүтүрүүчүлөр туралуу маалыматтар “Ачылгандан азыркы кезге чейинки жалпы сандык маалымат, ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр ).

2003-2004 жылы 24 студент.

2004-2005 жылы 32 студент.

2005-2006 жылы 51 студент.

2008-2009 жылы 50 студент

2009-2010 жылы 50 студент

2010-2011 жылы 34 студент

2011-2012 жылы 50 студент

2012-2013 жылы 71 студент

2013-2014 жылы 80 студент

2014-2015 жылы 79 студент

2015-2016 -жылы 98 студент

2016-2017 жылы 189 студент

2017-2018 жылы 147 студент

2018-2019 жылы 176 студент

2019-2020 жылы 199 студент

2020-2021 жылы 171 студент

2021-2022 жылы 177 студент

2022-2023 жылы 201 студент

18-жыл ичинде жалпысынан 1879 студент окууну аякташкан алардын арасынан

3 илимдин кандидаты, 30 ашык бүтүрүүчү аспирантурада окушат, 50 ашык бүтүрүүчү өз алдынча клиника ачкан, Алардын ичинен ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинде, медицина факултетинде, Жалалабад, ош шаарында жайгашкан медициналык колледждинде, жеке медициналык колледждерде окутуучу болуп иштеп жатышат. Жалпысынан бизден бүтүшкөн студенттер 95 пайызы иш менен камзсыз болушкан.